Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Комага түшкөн улакчы. Көк бөрү качан коопсуз оюнга айланат?


Бишкекте 2023-жылы Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү. "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын финалдык оюну.
Бишкекте 2023-жылы Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү. "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын финалдык оюну.

Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жараат алып, комага түштү. Ага операция жасалганы менен, абалы оор экени кабарланууда. Бул окуя оюн маалындагы коопсуздук маселесин кайра козгоду.

Көк бөрү федерациясы атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирүүдө. Буга чейин да улакчылар көк бөрү оюнунда катуу жараат алып ооруканага түшүп, майып болгон учурлар катталган.

"Абалы өтө оор бойдон калууда"

5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирдин жүрүшүндө 24 жаштагы улакчы башынан катуу жараат алып, комага түшкөн. Ага Караколдогу Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасында дароо операция жасалган, бирок абалы "өтө оор" деп бааланууда.

Улакчынын учурдагы абалы тууралуу оорукананын башкы дарыгери Чыңгыз Урманбетов “Азаттыкка” буларды билдирди:

Чыңгыз Урманбетов.
Чыңгыз Урманбетов.

“Жабыркаган бала биздин ооруканага кечээ тез жардам аркылуу досторунун коштоосунда келип түшкөн. Абалы өтө оор болчу. Эс-учун жоготкон абалда эле. Күбөлөрдүн айтымында, ал улак тартып жүргөндө жыгылып, башынан катуу жабыркаган. Биз дароо эле томография кылдырдык. Ага “Субдуралдык гематома” диагнозу коюлган. Кан тамыры жарылып, башына кан уюп калган. Ата-энесинин макулдугунан кийин баланын башына чукул операция жасалды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер колдон келген аракетин жасашууда. Бирок анын абалы өтө оор бойдон калууда”.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы улакчы Өрнөк айылынан келип, Ысык-Көл районунун командасында ойноп жаткан.

Каракол шаарындагы ат майданда катталган каргаша тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы маалымат таратып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны бөөдө кырсык катары каттап, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Көк бөрү - Кыргызстанда жоон топ күйөрманы бар улуттук оюндардын бири. Ал ар жылы түркүн майрамдарда, мааракелерде республикалык масштабда да, аймактарда жеке жактардын уюштуруусу менен өткөрүлүп келет.

"Аттар да тебелеп кеткен"

Көк бөрүдөн жараат алып, ден соолугунан ажырагандар буга чейин да катталган. Алардын бири 29 жаштагы Анур Жээнбек уулу 2022-жылы октябрда Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан кулап, моюн омурткалары сынып, жүлүнүнө доо кеткен. Учурда басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жигит коомчулуктун жардамына муктаж болуп төшөктө жатат.

Анур Жээнбек уулу жана жубайы Канышай Жакыпбек кызы.
Анур Жээнбек уулу жана жубайы Канышай Жакыпбек кызы.

Улакчынын жубайы Канышай Жакыпбек кызынын айтымында, жолдошу оюн учурунда аттардын тебелендисинде калган.

“Жолдошум оюн учурунда эңкейип улакты эңерде артынан ат катуу сүзүптүр. Жерге кулагандан кийин да бир канча ат тебелеп кеткен экен. Моюн омурткалары сынып, жүлүнү кысылып калыптыр. Бирок андан кийин эки сутка операция жасалбай жатып калды. Биринчи күнү Токтогулдан Бишкекке алып келгенге "Тез жардам" машинеси жок болуп, бир күн күтүп калдык. Экинчи күнү моюнуна кош имплант коюлмак, аны Казакстандан алып келгиче дагы бир күн өтүп кетти. Андан бери эки жылдай убакыт өттү. Абалы баштагыдан жакшы, бирок калыбына келүү өтө жай болот экен. Каражат да көп керек экен. Учурда Кадамжайдагы реабилитациялык борбордо дарыланып жатабыз. Сынган омурткасы жүлүндү кайра кысып калбаш үчүн кош имплант коюлган. Ошол моюнундагы темир өмүр бою калат экен”.

Анур Түркияда дарыланып жүргөн учур.
Анур Түркияда дарыланып жүргөн учур.

"Болгон мал-мүлкүбүздү саттык"

Канышайдын айтымында кырсыктан кийин элден жардам сурап, жолдошун бутуна тургузуу үчүн былтыр Түркияга чейин дарылатууга алып барышкан. Бирок учурда жардам берүүлөр дээрлик токтоп, жаш үй-бүлө каражаттан каржалып турушкан кези.

“Анур үйдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Кайненемдин да көзү өтүп кеткен. Анын жылдыгынан кийин эле жолдошум минтип бул окуяга кабылды. Эки кызыбыз бар. Улуусу 2,5 жашта болсо, кичүүсү 9 ай. Анур кырсыкка кабылганда кенже кызым эки айлык боюмда эле. Жолдошумду дарылатабыз деп болгон мал-мүлкүбүздү саттык. Эми анын ден соолугу менен алышып калдык”, - деди Канышай.

Анур Жээнбек уулу кырсыкка чейин.
Анур Жээнбек уулу кырсыкка чейин.

Учурда Анур Кадамжайдагы ден соолукту калыбына келтирүү борборунда басып кетем деген илгери үмүт менен дарыланууда. Өлкөдө көк бөрүдө Анур сыяктуу жараат алып баспай калган адамдар бар. Алардын кейиштүү тагдырлары тууралуу жергиликтүү медиалар чагылдырып келет.

Ушундай кейиштүү окуялар катталган сайын коомчулукта улуттук оюндун коопсуздугу боюнча маселе да көтөрүлүп келет.

"Коопсуз баш кийим чыгара баштадык"

Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев оюнчулардын коопсуздугу жаатында аракеттер көрүлүп жатканын айтты:

Рамис Жунусалиев.
Рамис Жунусалиев.

“Албетте, бир эле көк бөрүдө эмес жалпы спорт дүйнөсүндө жараат алган учурлар болот. Биздин федерация да коопсуздукту ойлоп, колдон келишинче иш алып барып жатабыз. Маселен, азыр тийиштүү адистер менен сүйлөшүп, көк бөрүдө кийиле турган коопсуз баш кийим чыгара баштадык. Аны сыноодон өткөргөндөн кийин, бардык командаларга беребиз. Бул баш кийим хоккейчилердикине окшоп кетет, бирок көк бөрүгө ылайыкталган шлем болот. Андан сырткары биз эрежелер боюнча да иштеп жатабыз. Мисалы оюн учурунда аттар менен катуу сокку урдурган көк бөрүчүлөр боюнча жазалар абдан катаал болот. Эгерде кимде ким бул эрежени бузса бир жылга чейин оюндан четтетилиши да мүмкүн. Буюрса алдыда март айында расмий оюндар башталганда ушул эрежелер иштеп баштайт”.

Көк бөрүчүлөрдүн жаңы варианттагы шлемин кыргызстандык адистер эле жасап жаткан экен. Азырынча аны кийип көргөн оюнчулар ыңгайсыз, оор деп жатканы маалым болду. Бирок Жунусалиев алдыда бул баш кийим бара-бара бир калыпка келет деген ойдо.

Соңку бир аптада эле көк бөрүгө байланыштуу талкуу жараткан эки окуя катталды. Анын бири Таластагы көк бөрү оюнунда аттан учуп түшкөн улакчы болсо, бири Караколдогу комага түшкөн бала. Бактыга жараша, биринчи окуяда аргымак жараат алып союлганы менен, үстүндөгү чабандес жабыркабаганы айтылды.

Дегеле соңку жылдары Кыргызстанда тайказандын айланасында да талкуулар жүрүп келет. Аны буга чейин айрымдар коңшу казактар сыяктуу чийин менен эле алмаштыруу керектигин айтышса, айрымдар кыргыз көк бөрүчүлөрү тай казаны менен барктуу экенин саймедиреп келишет.

2019-жылы февраль айында Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар (көкбөрү) ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу чечимин кабыл алышкан. Конгресске Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышкан. Жыйынга Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынан өкүлдөр барган эмес.

"Азыркы тай казандар коопсуз, жумшак"

Рамис Жунусалиев өлкөдө өткөн жылдын август айынан бери оюндарда жумшак, коопсуз, жаңы варианттагы тай казандар коюла баштаганын айтууда. Анын сөзүнө караганда баасы бир миллион сомду чапчыган тайказандар эми ар бир облус борборлоруна коюлат:

“Бүгүнкү күндөгү бул тай казандар эң коопсуз эсептелет. Ал көп жыл ичинде иштелип чыкты. Бир топ оюн өттү, бирок ага барып урунуп бир да бала жараат алган эмес. Жогорку лигада, биринчи лигада ойногон көк бөрүчүлөрдүн пикирин уктук, алардын да купулуна толуптур. Бул тай казандардын тулкусу стекловолокно менен тургузулат. Ага ат урунганда сынып кетпейт, жумшак урунат. Анын үстүнөн он сантиметрлик шумоизоляция үчүн иштетилген материал чапталат. Кайра анын үстүнөн калың резина капталат".

Ал эми белгилүү көк бөрүчү, "Сары-Өзөн" командасынын капитаны Сейитбек Анарбек уулу эрендердин улуттук оюну болгон көк бөрүнү даярдыгы бар чабандестер ойношу керек дейт:

Сейитбек Анарбек уулу.
Сейитбек Анарбек уулу.

"Көк бөрү негизи жарааты көп оюн. Аны ойногусу келгендин баары эле ойной бербейт. Аны шыгы бар, атайын бир топ жылдан бери даярдыгы бар көк бөрүчүлөр ойношу керек. Ар бир оюн үчүн машыгасың, ар түрдүү тактика түзөсүң. Ар бир баланын чабуулчу, коргоочу дегендей өз позициясы болот. Азыр көк бөрүгө кызыккандар абдан көбөйдү. Айыл, райондордо болуп жаткан оюндарда деле албетте даярданышат. Бирок канткен менен кооптуу учурлар боло берет. Эң негизгиси ат менен чабандестин жылдызы дал келип, бири-бирин түшүнүшү шарт. Көпчүлүк учурда тай казанга көнбөгөн ат улакчыга жаракат алып келиши мүмкүн. Чынында азыркы тай казандар ичинде кыры жок, урунганда жумшак урунасың. Эми аны ар бир районго коюш керек. Анткени көк бөрү күн санап өнүгүп жатат".

Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойноору жана улак тайказанга салынары белгиленген.

Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көкбөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.

Ал эми 2014-жылы Казакстан Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, ага болгон улуттук оюндарды, анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон.

Улуттук оюнду заманбап, профессионал спорт түрүнө айлантуу үчүн дагы өзгөртүүлөр зарыл дегендер бар.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Тектеш

XS
SM
MD
LG