Газа: Израил армиясынын соккусунан 40тай киши набыт болду

Хан-Юнистеги Масави аймагында жайгашкан качкындар лагерине жасалган аба соккудан кийин ыйлап отурган палестин аял. Газа тилкеси. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Газа тилкесиндеги качкындар баш калкалаган лагерге 10-сентябрдын таңында жасалган Израилдин армиясынын аба соккусунан кеминде 40 киши набыт болгонун аймактын Жарандык коргоо башкармалыгы билдирди. Жабыркагандардын саны 60тан көп. Анклавды АКШ менен Евробиримдик террордук катары тааныган ХАМАС уюму көзөмөлдөйт. Хан-Юнис шаарынын Масави аймагындагы лагерде аба соккудан кийин адамдарды издөө иштери уланууда.

Израил армиясы башкаруу-көзөмөл пунктундагы хамасчыларды бутага алганын билдирди. ЦАХАЛ тараткан маалыматка караганда, аскерлер карапайым тургундардын арасында жоготууларды болтурбоо үчүн абадан байкоо салуучу каражаттарды, так бутага алчу курал-жабдыктарды колдонгон.

Израил армиясы жайкын тургундардын өлүмү үчүн ХАМАС радикал уюмун күнөөлөп, согушкерлер карапайым калкты тирүү калкан катары колдонууну улантып жатканын билдирди.

ХАМАС радикал уюму ал аймакта жоочулары болбогонун маалымдаган билдирүү таратты. Израил тарап да, хамасчылар да өз билдирүүлөрүн ырастаган далилдерди келтирген эмес.