Германия чек араларына убактылуу көзөмөл киргизет

Миграция саясатын катаалдаштыруунун алкагында 16-сентябрдан тарта Германиянын жердеги чек араларында көзөмөл киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин белгилешинче, Франция, Люксембург, Нидерландия, Белгия жана Дания менен чек араларына алты айга көзөмөл киргизет. Чек арага милициянын мобилдүү жана стационардык посттору орнотулат. Бул чара жарандардын өлкөгө кирүүсүнөн баш тартууну да карайт.

ИИМ өлкөнүн Польша, Чехия, Австрия жана Швейцария менен чек арасында бул чара дээрлик бир жылдан бери колдонулуп келатканын белгилеген. Көзөмөлдү күчөтүү чек ара коопсуздугун, анын ичинде исламчыл топтордун жактоочуларынан коргоону камсыз кылат деп ырастоодо. Министрлик өз чечиминде Германиянын жалпы миграциялык жүгүн, анын ичинде бир миллиондон ашык украиналык качкындарды, башка өлкөлөрдөн башпаанек издегендерди интеграциялоо зарылдыгын да эске алган.

Берлин чек арадагы көзөмөл тууралуу Еврокомиссияга кабарлады.

23-августтун кечинде Золинген шаарында фестивалга чогулгандарга белгисиз адам бычак менен кол салган. Анда үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган. Кылмышка шектүү 26 жаштагы сириялык качкын полицияга ошол эле күнү багынып бергени маалым болгон. Немис басылмалары шектүү Германияга 2022-жылдын аягында келгенин жазышкан.

Ушул окуядан кийин Германия бийлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин санын кыскартуу жана миграция мыйзамдарын катталдаштыруу зарылдыгын айтып чыгышкан.

Германиянын Федералдык Кылмыш полициясынын август айынын аягындагы маалыматы боюнча, Шенген аймагынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 380 миң учурдун 266 миңи Германияга туура келет. Германиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү боюнча алдыңкы орунда Сириянын (54 миң адам), Түркиянын (36 миң адам) жана Ооганстандын (35 миң адам) жарандары турат.

Дагы караңыз

Көчмөндөр оюндары: көкбөрү менен көкпардан мелдештер башталды9-сентябрь: Абактагы Алга Кылычов ооруканага түшкөнү кабарланды, Маңгыстауда окуучулар ууландыВьетнамда "Яги" тайфунунан каза тапкандар 64 кишиге жеттиЛатвия өлкө аймагына кулаган «Шахед» дрону жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөнүн билдирди