Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

9-сентябрь: Абактагы Алга Кылычов ооруканага түшкөнү кабарланды, Маңгыстауда окуучулар ууланды


Алга Кылычов, 16-май, 2019-жыл
Алга Кылычов, 16-май, 2019-жыл

9-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Чүйдө өспүрүм бала мушташтан каза болду

Чүй облусундагы Сокулук районунун Комсомол айылында мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду. Милиция кылмышка 16 жаштагы өспүрүм шек саналып жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, мушташ 5-сентябрда болгон. Окуя боюнча каза болгон баланын классташтары, социалдык кызматкерлер сурак беришкен. Кылмыш жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Алга Кылычов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Алга Кылычовдин саламаттыгы начарлап, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу адвокаты Жанат Гүлжигитов "Азаттыкка" билдирди. Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук госпитал бул тууралуу комментарий бере элек. Жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кылычовди 21-июнда Аламүдүн райондук соту 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга кескен. Кылычов сот өкүмүнө макул эместигин "Азаттыкка" билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда.

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилди

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүүгө убактылуу тыюу салынды. Ага ылайык, 2024-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө жана кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатууга тыюу салынды.
Жарлыкта бул чара мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көрүлүп жатканы жазылган. Бюджет кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү же мамлекеттик мекемелерге кошумча кызматкер алуу - өзгөчө учурларда - президенттин өзүнчө чечими менен гана жүргүзүлүүсү мүмкүн. Жарлыктын аткарылышына көзөмөл кылуу президенттин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө жана министрлер кабинетине жүктөлдү.

Израилдин Сирияга урган соккусунан каза тапкандар 14 кишиге жетти, 40тан ашууну жарадар болду

Жекшембиде Сириянын борбордук бөлүгү чабуулга кабылганда Хама провинциясында кан жол талкаланганын, өрт чыкканын SANA агенттиги жазган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган Британиядагы уюмдун маалыматына караганда, набыт болгондордун кеминде төртөө карапайым адамдар. Израилдин аскерлери соккуларга байланыштуу комментарий жасай элек. Израил акыркы жылдарда согуш сазына баткан Сириянын өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарына жүздөгөн сокку урганы менен андай операцияларды чанда моюнга алат же чоо-жайын талкуулабайт. Адатта бутага сириялык аскерлер же Иран колдогон топтор алынат. AP агенттиги жазгандай, Сирия аркылуу Тегеран «Хезболла» согушкер тобуна курал-жарак ташыйт.

Киев сентябрдын башынан бери бешинчи жолу аткыланды

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөнүн айтты. Алдын ала маалыматка караганда, башкалаада кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок. Донецк облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, 8-сентябрда Черкасск шаарында үч киши набыт болду, бешөө жараат алды. Николаев облусундагы Очаков шаары жекшембинин кечинде аткыланганда 70 жаштагы аял каза тапты. Ошол эле күнү Харьковдун аскердик администрациясы Дергачи калаасы аткыланганда 76 жаштагы аял каза тапканын, 13 киши жараат алганын, арасында 8 жаштагы бала бар экенин маалымдады. Ага чейин Сумы шаарына урулган соккудан эки адам каза болду, төртөө жараат алды. Далилдерге карабай, Орусия Украинанын жарандык жайларын, жөн-жай тургундарды бутага алганын танып келатат.

Пакистанда шалга каршы эмдөө тобу минага кабылып, тогуз киши жараат алды

Уруулар байырлаган Түштүк Вазиристандын Вана шаарындагы полиция жетекчиси жарылуудан 9 киши жараат алганын, үчөө карапайым тургундар, бири бала, калгандары тартип коргоочулар экенин билдирди. Дүйшөмбү күнү Пакистанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Анын жүрүшүндө 5 жашка чейинки 3 миллиондой баланы вакцинациядан өткөрүү каралууда. Пакистан бул жугуштуу оору жоюла элек дүйнөдөгү эки өлкөнүн бири. Быйыл бул өлкөдө полиомиелитке кабылган наристелердин саны көбөйүп, 17 учур катталды. Белучистан аймагында 3 бала чарчап калды.

Казакстан: Маңгыстауда мектептеги уулануудан кийин 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды

Дүйшөмбү күнү түшкө чейин кабарлангандай, 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Алардын 83ү ооруканада жатат, экөө реанимацияда. Маалыматка караганда, балдардын абалы туруктуу жана жакшырып баратат. Реанимациядагы балдарды кадимки бөлүмгө которуу чечими кабыл алынды. Окуя болгон жерге санитардык-эпидемиологиялык борбордун адистери жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, 6-сентябрдын кечинен бери облустун Муналы районундагы Бесшокы айылындагы мектептердин биринде окуган 21 баланын ата-энелери "Тез жардамга" кайрылган. Алардын ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөн. Жекшембиде ондогон окуучу ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Кыргыз-тажик делегациясынын өкүлдөрү Кожент шаарында жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган делегация Тажикстандын Кожент шаарына жумушчу сапары менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы 9-сентябрда билдиргендей, кыргыз делегациясы Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн алардын чакыруусу менен барган. Сапар алкагында Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген.

Париждеги Паралимпиада: Медалдардын жалпы саны боюнча Кытай жеңүүчү болду

Кытай 220 медаль, анын ичинде 94 алтын алды. Экинчи орунда Британия жана АКШ жайгашты. Оюндар 8-сентябрда салтанаттуу жабылды. Паралимпиадага бул ирет 4,4 миң атлет, арасында төрт кыргызстандык катышты. Бейтарап макамда мелдештерге чыккан орусиялык спортчулар 64 медал, анын ичинде 20 алтын утту. Бардыгы болуп уюштуруучулар Орусиядан 88 спортчуга ат салышууга уруксат берген. Паралимпиада боюнча эл аралык комитет Москва Украинага басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан кийин Орусия менен Беларуска санкция салган. Кыргызстандан төрт спортчу Парижге барып, мелдештерге катышты. Паралимпиада азыркы аталышта 1960-жылдан бери уюштурулуп келатат.

XS
SM
MD
LG