Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Вьетнамда "Яги" тайфунунан каза тапкандар 64 кишиге жетти


Яги тайфунунун кесепети. Вьетнам, 8-сентябрь 2024-жыл
Яги тайфунунун кесепети. Вьетнам, 8-сентябрь 2024-жыл

Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" супер тайфунунан каза тапкандар 64 кишиге жеткенин Associated Press (АР) кабар агенттиги жазды. Дүйшөмбү күнү Каобанг провинциясында көпүрө урап, 20 жүргүнчү бараткан автобусту суу алып кетти. Мамлекеттик маалымат каражаттары 4 кишинин сөөгү алынып чыкканын, бир киши куткарылганын, калгандары дайынсыз болуп жатканын билдиришти.

Бир нече киши катуу шамалдан жана нөшөр жаандан улам суу ташкындап, жер көчкөндө каза тапты. Айрым жерлерде дарыялар кооптуу деңгээлге чейин толду.

Фу Тхо чөлкөмүндө болоттон жасалган көпүрө ураганда 10 машине жана эки мотоцикл дарыяга кулап кеткен. Кээ бир кишилерди куткаруучулар алып чыгууга үлгүрдү, 10 чакты киши табылбай жатат.

Дем алыштарда башкалаа Ханойдо шамалдын ылдамдыгы саатына 203 километрге жеткен. Тайфун чатырларды, жарнама такталарын учуруп, дарактар кулап жатты.

Бир нече эл аралык завод орун алган Хайфон портунун көчөлөрүндө суу бир жарым метрге көтөрүлдү.

Өткөн ишемби-жекшемби күндөрү Вьетнамдын түндүгүндөгү төрт аэропорт ишин убактылуу токтоткон.

Жээкке жакын жайгашкан шаарлардан 50 миң чакты киши эвакуацияланды.

Ага чейин "Яги" Кытай жана Филиппинде бир нече кишинин өмүрүн алып кеткен, бир топ кыйроолорго учураткан.

XS
SM
MD
LG