Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Латвия өлкө аймагына кулаган «Шахед» дрону жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөнүн билдирди


Молдовага кулаган "Шахед" дронунун сыныктары. 11-февраль 2024-жыл. Иллюстрация
Молдовага кулаган "Шахед" дронунун сыныктары. 11-февраль 2024-жыл. Иллюстрация

7-сентябрда Латвиянын аймагына кулаган «Шахед» дрону жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн. Бул тууралуу дүйшөмбү күнкү пресс-конференцияда Латвиянын Аба күчтөрүнүн командачысы Виестурс Мацулис билдирди. Анын айтымында, пилотсуз учак табылары менен жардыруучу зат дароо зыянсыздандырылган.

Маалыматка караганда, Беларус тараптан учуп келген дрон Резекне аймагына кулаган. Латвиянын коргоо министри Андрис Спрудс жабдык калк жашаган жерлерден алыс түшкөндүктөн, эч ким жабыркабаганын айтты. Латвиялык аскерлер пилотсуз учак өлкө тарапка атайылап учурулган эмес деп санашканы менен чыгыш чек арасында абадан коргонуу чаралары күчөтүлдү. Окуя иликтенип жатат.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигинин өкүлүнө нааразылык нотасын тапшырды. Парламенттин спикери Дайга Миериня Рига НАТОдогу өнөктөштөр менен сырткы чек араларды коргоону күчөтүүгө тийиш деп билдирди.

Литванын башкы дипломаты Габриэлюс Ландсбергис окуяга үн катып, НАТОнун мүчөлөрү буга чейин нааразылыгын билдирүү менен чектелсе, “эми Орусияга альянстын аймагы корголгонун көргөзүү үчүн кызыл сызыкты талкуулоого киришүү зарыл”, – деп айтты.

Москва Украинага кол салгандан бери орусиялык ракеталардын жана дрондордун сыныктары 20дан ашуун жолу Румыния, Польша, Молдова, Болгария, Хорватия жана Беларус өңдүү кошуна өлкөлөрдүн аймактарында табылган.

XS
SM
MD
LG