Министрлер кабинети окуучулардын тамактануусуна байланыштуу жобону бекитти

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "мектеп окуучуларынын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында" кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 9-сентябрда кабарлады.

Документ “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык иштелип чыккан.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө тамактанууну колдоого акча караштыруу тапшырылды", - деп белгиленген өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматта.

Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин билим берүү уюмдарынын тамак-аш тармагындагы кызматкерлерин сертификациялоо, алардын квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүү тапшырмасы берилди.

Маалыматта окуучулардын тамактануусу үчүн канча каражат бөлүнөрү белгиленген эмес.

Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы 600 мамлекеттик мектептеги башталгыч класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурулганын билдирген.

Мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен күнүнө 7 сомдон, бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларына 10 сомдон бөлүнөт. 2022-жылы ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги бул акчаны 20 сомго көтөрүүнү сунуштаган. Министрлер кабинети акча жетишсиздигин айтып, колдогон эмес. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия: Украинадагы согуштун 300дөн ашуун катышуучусу депутат болуп шайландыВолкер Түрк Украинанын энергетикалык жайларына урулган соккуларды айыптадыАлга Кылычев оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды Пакистанда шалга каршы эмдөө тобу минага кабылып, тогуз киши жараат алды