Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Орусия: Украинадагы согуштун 300дөн ашуун катышуучусу депутат болуп шайланды


Дмитрий Аксенов. Архив
Дмитрий Аксенов. Архив

«Бирдиктүү Орусия» партиясы регионалдык шайлоодо Украинадагы согушка катышкан 380 кишини көргөзүп, анын 308и утуп, мандат алмай болду. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Владимир Якушев билдирди.

Анын айтымында, "атайын операцияга" (Орусия Украинадагы согушту ушинтип атап жүрөт) катышкан талапкерлер негизинен 30-50 жаштагы кишилер.

"Сирена" Телеграм-каналы жазганына караганда, Ханты-Мансы автоном округунун думасына депутат болуп согушка мобилизация болгондордун "Югра" батальонунун мурдагы командири Дмитрий Аксенов шайланды. Ал кол астындагылардан «кан», «душманды өлтүрүүнү» талап кылган видеолорду жаздырган. Согушка чейин автономиянын думасында бөлүм башчы болчу.

"7×7" каналы Рязан облусунда жергиликтүү парламентке согуштан кайтып барган Роман Иголкин шйланганын, ал патриоттук сабактарды алып барып, балдарга өзүнүн согуштагы кийимин кийгизгени менен белгилүү.

Басылманын эсебинде бардыгы болуп шайлоодо Украинага каршы согушка катышкан 423 киши ат салышкан. Аларды ошондой эле Коммунисттик партия (КПРФ), Либерал-демократтар (ЛДПР) жана «Адилет Орусия» партиялары көргөзгөн.

Быйыл февралда орус президенти Владимир Путин «атайын аскердик операциянын» ардагерлери үчүн «Баатырлар заманы» деген кадрдык программаны жарыялаган.

XS
SM
MD
LG