Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Волкер Түрк Украинанын энергетикалык жайларына урулган соккуларды айыптады


Волкер Түрк Адам укуктары боюнча кеңештин сессиясында. Женева, 9-сентябрь 2024-жыл
Волкер Түрк Адам укуктары боюнча кеңештин сессиясында. Женева, 9-сентябрь 2024-жыл

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Орусиянын Украинанын энергетикалык жайларына урулган соккуларын айыптады жана келаткан кыш алдында жайкын тургундардын абалына камтамасын билдирди. Волкер Түрктүн айтымында, карапайым эл «Орусиянын ооруканаларга, мектептерге жана супермаркеттерге, бүтүндөй өлкөнү караңгыга батырган энергетикалык инфраструктурага урган соккуларына байланыштуу террордун улам бир айлампасына туш болуп келатат».

Комиссар 9-сентябрда Адам укуктары боюнча кеңештин Женевадагы сессиясында сүйлөгөндө: «Украиналыктар кантип кыштайт?» - деген маселе түйшөлтүп жатканын белгиледи.

Түрк салгылашуулардын курчушуна, анын ичинде Орусиядагы Курск аймагындагы окуялардын карапайым калкка тийгизген залакасына тынчсызданганын кошумчалады.

Украин аскерлери чек аралаш Курск облусуна бир ай мурун, 6-августта кирип барган.

БУУнун комиссары белгилегендей, Москва Украина менен чектешкен Белгород, Брянск жана Курск аймактарына өкүлдөрүн жөнөтүү өтүнүчүн четке какты.

Орусия согуш башталгандан бери Украинанын энергетикалык жайларын бутага алып келатат.

Энергетика тармагы катуу жабыркагандыктан, өлкө боюнча жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жүрөт. "Укрэнерго" мамлекеттик ишканасы күн сайын график жарыялап турган учурлар көп болот. Кыйын абал өзгөчө суук түшкөндө түзүлөт.

XS
SM
MD
LG