Алга Кылычев оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды

Алга Кылычев.

Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова 9-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

Укук коргоочунун сөзүнө караганда, боору ооруп, дарыланып жаткан учурунда абакка кесилген Кылычевдин саламаттыгы түрмөдө начарлап кеткен.

Маалыматты Кылычевдин адвокаты Жанат Гүлжигитов ырастап, ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын "Азаттыкка" билдирди.

Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук госпитал бул тууралуу комментарий бере элек.

Жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев 21-июнда Аламүдүн райондук соту тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга кесилген. Ал сот өкүмүнө макул эместигин "Азаттыкка" билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычевдин иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөн.

Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Кремл ирандык ракеталар тууралуу маалыматты четке каккан жокУлуттук банк: Онлайн насыяга байланыштуу алдангандардын саны көбөйдүТажикстандык дарыгерлер Орусияда начар мамилеге туш болуп жатканын билдиришти Сокулукта мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болдуКиев сентябрдын башынан бери бешинчи жолу аткыландыКыргыз-тажик делегациясынын өкүлдөрү Кожент шаарында жолукту