Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Улуттук банк: Онлайн насыяга байланыштуу алдангандардын саны көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банкка шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөт. Бул тууралуу аталган банктын жетекчисинин орун басары Мэлс Аттокуров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Аттокуров соңку кезде онлайн насыя алуу маселесине байланыштуу кайрылгандар көбөйгөнүн белгиледи. Мунун алдында парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, депутат Данияр Төлөнов шылуундар жарандардын жеке маалыматтарын пайдаланып, насыя алганы тууралуу кайрылгандар көбөйгөнүн айткан.

"Айына 300-500гө чейин арыз түшүп жатат. Акыркы үч айда миңдей кайрылуу болду. Мунун ичинде ар кандай маселелер менен арыздангандар бар. Ал онлайн насыя боюнча кечээ эле 2-3 арыз түштү, август айында ушундай арыздар көбөйдү. Улуттук банк тартип коргоо органдары менен тыгыз иштеп атабыз. Жумушчу топ менен атайын роликтерди иштеп чыгып, жарандарды этият болууга чакырып жатабыз", - деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, киберкылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.

Тиешелүү мамлекеттик органдар, банктар интернет колдонуучулар, жарандар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет.

Шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларды колдонушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG