Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Сокулукта мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Комсомол айылында мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду. Облустук милициядан "Азаттыкка" билдиришкендей, кылмышка 16 жаштагы өспүрүм шек саналып жатат.

Мушташ 5-сентябрда болгон. Окуя боюнча каза болгон баланын классташтары, социалдык кызматкерлер сурак беришкен.

"Комсомол айылынын 9-классынын окуучуларын 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала чогултуп Э.А. аттуу баланы ичке чапканы аныкталган. Анын кесепетинен Э.А. өзүн жаман сезип, каза болгону белгилүү болгон", - деп жазылган маалыматта.

Кылмыш жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталган.

Быйыл мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 9-класстын окуучулары мушташып, 15 жаштагы улан каза тапкан. Окуяга тиешеси бар деген негиз менен 10-класстын төрт окуучусу кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG