Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Киев сентябрдын башынан бери бешинчи жолу аткыланды


Киевге урулган сокку. Украина, 2-сентябрь, 2024-жыл
Киевге урулган сокку. Украина, 2-сентябрь, 2024-жыл

Орус аскерлери 9-сентябрга караган түнү Киевге сокку урду. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, дрондордун бардыгы атып түшүрүлдү.

“Сентябрдын башынан бери Киевге бешинчи жолу абадан сокку урулду. Түн ичинде орус армиясы Курск аймагынан учкучсуз учактарды, болжолу менен "Shahed" дрондорун учурду”, - деп жазды Попко Телеграм каналына.

Алдын ала маалыматка караганда, башкалаада кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Донецк облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси дүйшөмбүдө билдиргендей, 8-сентябрда Черкасск шаарында үч киши набыт болду, бешөө жараат алды.

Николаев облусундагы Очаков шаары жекшембинин кечинде аткыланганда 70 жаштагы аял каза тапканын облустун губернатору Виталий Ким кабарлады. Анын маалыматы боюнча орус аскерлери артиллериядан аткылашканда маркумдун үйүнө дүрмөт тийген.

Ошол эле күнү Харьковдун аскердик администрациясынын жетекчиси Олен Синегубов Дергачи калаасы аткыланганда 76 жаштагы аял каза тапканын, 13 киши жараат алганын, арасында 8 жаштагы бала бар экенин маалымдады.

Ага чейин Сумы шаарына урулган соккудан эки адам каза болду, төртөө жараат алды. Алардын экөө балдар экенин калаанын аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү бийлик кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Далилдерге карабай, Орусия Украинанын жарандык жайларын, жөн-жай тургундарды бутага алганын танып келатат.

Ошол эле күнү Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков Телеграм-каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.

Облус башчысы абадан коргонуу системасы бир нече дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Белгород украин аскерлери бир ай мурун кирип барган Курск облусу менен чектешет.

Орусиянын айрым аймактары утур-утур аткылоого дуушар болууда. Киев адатта бул чабуулдарга комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG