Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Комсомол айылында мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду. Облустук милициядан "Азаттыкка" билдиришкендей, кылмышка 16 жаштагы өспүрүм шек саналып жатат.
Мушташ 5-сентябрда болгон. Окуя боюнча каза болгон баланын классташтары, социалдык кызматкерлер сурак беришкен.
"Комсомол айылынын 9-классынын окуучуларын 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала чогултуп Э.А. аттуу баланы ичке чапканы аныкталган. Анын кесепетинен Э.А. өзүн жаман сезип, каза болгону белгилүү болгон", - деп жазылган маалыматта.
Кылмыш жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.
Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталган.
Быйыл мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 9-класстын окуучулары мушташып, 15 жаштагы улан каза тапкан. Окуяга тиешеси бар деген негиз менен 10-класстын төрт окуучусу кармалган. (КЕ)
Дагы караңыз
Киев сентябрдын башынан бери бешинчи жолу аткыландыКыргыз-тажик делегациясынын өкүлдөрү Кожент шаарында жолуктуАшыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларга айып пул салынатОрусиядагы шайлоодо бардык губернаторлор орундарын сактап калды