Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол оюну учурунда Бишкекте коопсуздукка үч миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөл кылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-сентябрда маалымдады.
Милиция футбол күйөрмандарын стадионго беттеш башталардан 2 саат эрте келүүгө чакырып, айнектен жана пластиктен жасалган бөтөлкөлөр, пиротехникалык заттарды стадионго алып кирүүгө тыюу салынарын эскертти.
Оюн 10-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Аталган стадион жакында эле реконструкцияланган.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион – Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталган. Курулушу 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн.
1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.(ZKo)
Дагы караңыз
"Европага да, Кыргызстанга да салым кошууну көздөйбүз"АКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган? Президенттин пресс-катчысы дин маселесинде чагымчылдык кылбоого чакырдыКылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаран чек арадан кармалдыМамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилди