Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаран чек арадан кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл деп айтылып жүргөн Кадыралы Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө деп шектелген жаран Кыргызстандын чек арасынан чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдагандай, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж аттуу жаран кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайында кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы шектүү буга чейин укук коргоо органдарынан качып жүргөнүн, былтыр октябрда ал жашаган жерден конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ок-дарылар табылганын билдирди.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Коопсуздук кызматы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнүүдө.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш жүрөрүн айткан. Андан берки аралыкта кылмыштуу топторго "тиешеси бар, каржылаган" деген жүйө менен көптөгөн ишкерлер кармалып, камакка алынышкан. Айрымдары каржылай төлөп берип, камактан чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG