Жекшемби күнү Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.
Облус башчысы абадан коргонуу системасы бир нече дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Жергиликтүү бийлик снаряддар эки жер тамды талкалаганын, төрт көп кабаттуу үй, эки коммерциялык объект зыян тартканын кабарлоодо. Андан тышкары, сыныктар бир автобус менен үч автоунаага тийген.
Жекшембиде Украинанын Сумы шаарына орус армиясы жасаган соккудан эки адам каза болду. Дагы төрт адам жараат алды, алардын экөө балдар экенин калаанын аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү бийлик кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын айрым аймактары да аткылоого дуушар болууда. Киев адатта бул чабуулдарга комментарий бербейт. Орусия дагы Украинанын калктуу конуштарына жасалган чабуулдарды моюнга албайт. (SE)
Дагы караңыз
Киев: Орусия колдонгон дрондор Румыниянын аба мейкиндигин буздуНурсултан Назарбаев Бухарада Мирзиёев менен жолуктуОш: Таза суу көйгөйү, менчикке өтүп кеткен кудуктар