Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Ош: Таза суу көйгөйү, менчикке өтүп кеткен кудуктар


Ош. Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги суу кудуктары жайгашкан жерлердин видеосу

Ош шаарынын бийлиги таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракети башталганын билдирди. Экинчи борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы белгилүү болду.

Суу кудуктары кантип менчиктешип кеткен?

Таза суу тартыш болгон Ош шаарында жети суу кудугу менчиктешип кеткен. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жеке колдорго кеткен суу скважиналары боюнча буга чейин өкмөткө кайрылуу жолдонгонун, ошондон кийин президенттик администрациядан атайын комиссия келгенин айтып берди:

Сонунбек Жунусбаев
Сонунбек Жунусбаев

"Биз жеке менчикке өтүп кеткен жети скважина боюнча өкмөткө кайрылганбыз. Ошондо атайын комиссия келип, анын жыйынтыгында өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген скважиналар бар. Алардын экөө азыркы айтылып жаткан эки скважина. Ошол комиссия келип кеткенден кийин тез арада суу маселесин чечүү керек болду. Бул жерлер суу аябай жакшы чыккан кудук болуп эсептелинет. Учурда эки скважина тең казылды. Ал Мырзакматовдун карамагында болгон. Ал бирин өз ыктыяры менен өткөрүп берди, бирин өз каражатына казып берди”.

Жунусбаевдин айтымында, мамлекетке өткөн эки суу кудугу толук ишке кирсе, миңдеген үйлөргө суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

"Бул жерден суткасына 3 миң куб чейин суу чыгып жатат. Эки скважинаны кошкондо 45-50 миң үйгө жете турган суу деп айтсак болот. Жакынкы он күн ичинде ал жерден чыккан сууну борбордук суу түтүктөрүнө кошобуз. Мындан сырткары шаардагы бир аскер бөлүктө, 12-кесиптик лицейдин ичинде суу чыккан скважиналарды кайтарып жатабыз".

450 миңден ашуун калк жашаган Ош шаарында таза суу башкы көйгөйлөрдүн бири. Жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү кээде эки-үч күнгө чейин токтотулган учурлар болгон. Быйыл административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарын курчаган бир нече айыл калаага кошулган. Таза суу маселеси ошондон кийин ого бетер курчуган.

Былтыр 31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар ишке берилген. Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу бата турганы жана анда жарандар үчүн ичүүчү суу топтолору айтылган. Бирок шаарда ичүүчү суу маселеси толук чечилген эмес.

Натыйжада мэрия жеке колго өтүп кеткен скважиналарды алып, иштетүү аркылуу суу маселесин чечүү аракетин баштаганын жарыялаган.

"Мыйзам бузулган"

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караган "Гидрогеологиялык партия" ишканасынын маалыматына караганда, Ош шаарында жалпы 200гө чукул суу скважинасы бар. Бирок алардын канчасы убагында менчикке өтүп кеткен жерлердин ичинде калып калганы белгисиз:

“Алардын учурдагы абалы жөнүндө толук маалымат жок. Аны билүү үчүн жерине барып баарын текшерип чыгыш керек. Алар кимдин жеринде калып кеткени туралуу маалымат жок. Бизге казылган учурда гана маалымат беришет. Бул жерде дагы бир маселе бар - жер алдындагы суулардын баарын ичүүгө болот деп айтуу кыйын. Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги сууларды гана ичүүгө пайдаланса болот”, - деген маалымат берди "Гидрогеологиялык партия" ишканасынын башчысы Тариел Сулайманов.

Оштогу сөз болуп жаткан суу объектилери 1993-96-жылдардагы менчиктештирүү саясатынан кийин жеке колдорго өткөн. Мында мыйзам бузулганын юрист Союзбек Аманов эске салды:

Союзбек Аманов
Союзбек Аманов

“Суу танкыстыгы элде жаралбас үчүн өкмөт 1994-жылы №632 сандуу токтому менен аталган жагдайларды жөнгө салган. Ал токтомдун 18-пунктунда көрсөтүлгөн. Анда скважиналар, дренаждар, суу кампаларды жеке менчикке берилүүсүнө тыюу салган. Бул жерлер жеке менчикке берилбей жалпы пайдаланууда калсын деп көрсөтүлгөн”,- деди юрист.

Жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты Керим Макеев мыйзам боюнча суу кудуктарынын баары мэриянын балансында болушу керек деп эсептейт:

Керим Макеев
Керим Макеев

"Жерди алганда ошонун ичинде калып кеткен. Мырзакматовду патриот, жакшы иштеген мэр катары жакшы билет элем. Мэр болуп иштеп жүргөндөн кийин колдон келсе элдик жыйын кылып, "бул жерде скважина бар" деп өзү демилге кылып өткөрүп берсе жакшы болмок. Бул убакка чейин шаарда канча жолу суу көйгөйү чыккан", - деген ою менен бөлүштү Макеев.

Азырынча мамлекетке алынган объектилер боюнча шаардык кеңештин же мэрдин токтому жарыялана элек.

Ош шаардык кеңешин депутаты Эсенбек Арзиев скважинадан сырткары суу кампалар дагы жок болуп кеткенин айтып, калаадагы суу көйгөйүн ушул жагдай менен байланыштырды:

“Шаар тургундары суу ичкен жайлар, скважиналардын жеке колдорго өтүп кеткенине каршымын. Мырзакматов өзүнүн жериндеги 100 кубдук суу кампаны буздуруп жиберген. Анын жери кантип өткөнү жөнүндө маалыматым жок. Бирок суу кампа, скважиналар бир адамдын менчиги болбош керек. Бул деген шаардыктарды, элди суу менен камсыз кылганга курулган социалдык объектилердин бир бөлүгү".

Мэрия сөз болгон эки скважинаны мурдагы мэр өз эрки менен мамлекетке өткөргөнүн билдирип жатат.

Мырзакматовдун өзү жогоруда айтылгандарга комментарий бере элек.

Мелис Мырзакматовдун Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жерлери туралуу жалпыга маалымдоо каражаттары бир канча иликтөөлөрдү чыгарган. Мырзакматов Ош шаарын 2009-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Экс-мэрге 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалаган Мырзакматов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген. Ага тагылган айыптарды Жогорку сот жокко чыгарып, аны актаган өкүмдү күчүндө калтырган.

Өткөн жылы Ош бийлиги таза суу меселесин чечүүгө белсенип, шаарда 10дон ашык суу скважиналарын ишке киргизип, 6 миң куб суу баткан төрт резервуарды (суу кампа) ишке киргизген. Калаада таза суу азыр да тартыш.

Жетигенов: Ошто суу маселесин чечүү жолун таптык
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:01 0:00

XS
SM
MD
LG