Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы жардамчылары менен кеңешчилерин бошотту

Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчылары менен кеңешчилерин бошотту. Бул тууралуу 7-сентябрда өкмөттүн Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

"Мындай чечим Президенттик аппаратты реформалоонун жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынды", - деп жазылган кабарда.

Ушундай жүйө менен эки күн мурун президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотуу чечимин кабыл алган.

Баш-аягы президенттин коомдук башталыштагы жети жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматтан бошотулду. Ал эми Министрлер кабинетинин жардамчы жана кеңешчилеринин саны тууралуу маалымат айтыла элек. (SE)

Дагы караңыз

Орусияда мигранттарды айыптаган бот түзүлгөндөн кийин 32 чет элдик депортацияландыИран Орусияга ракета жөнөтүп жатканы кабарландыКыргызстан Палестинага элчи дайындоо маселесин караштырып жатат