Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстан Палестинага элчи дайындоо маселесин караштырып жатат


Палестинанын БУУдагы желеги.
Палестинанын БУУдагы желеги.

Кыргызстан Палестинага элчи дайындоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов TRT World каналына берген маегинде айтты. Интервью 6-сентябрда жарыяланды.

"Азыркы дипломатиялык аракеттер жай жүрүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок биз чегинбейбиз. БУУда эл аралык аракеттерди талап кылууну улантып жатабыз, бирок азыркы дипломатия чектелүүдөй", - деген Байсалов Газадагы жагдай кейиштүү экенин кошумчалаган.

Интервьюда айткандарын Байсалов "Азаттыкка" тастыктап, элчилик Палестинанын өзүндө болбой турганын, бул иш башка бир өлкөдөгү элчиге кошумча милдет жүктөө менен жүзөгө ашырыларын белгиледи. Муну ал Бишкектин Палестинага саясий колдоосун тастыктоо кадамы экенин билдирди.

Эдил Байсалов быйыл мартта Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөндө, эл аралык коомчулукту Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырган.

Израилдин Газадагы аскердик операциясын баштоосуна АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Жоочулар Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Бир жылга айга аяк баскан согушта Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда 40 миңден көп адамдын өмүрү кыйылды.

Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта учурда тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курч болуп турат.

Бишкек буга чейин Газага гуманитардык жардам көрсөткөн. Кыргызстан Палестинанын көз карандысыздыгын тааныган. (SE)

XS
SM
MD
LG