Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Иран Орусияга ракета жөнөтүп жатканы кабарланды


Дрон чабуулу.
Дрон чабуулу.

7-сентябрдын таңында Орусия Киевге кайрадан дрондор менен чабуул койгонун, алардын баарынын мизи кайтарылганын калаанын администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди. Ачык аянттагы 50 чарчы метр жерде өрт чыгып, ал өчүрүлдү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, кыйроолор жок. Дрон сыныктары борбор калаанын төрт жеринен, анын ичинде турак жайдын короосунан табылды.

Орусиянын учкучсуз учактары Украинанын башка аймактарына да багытталды. Сегиз облуста абадан чабуул коркунучу жарыяланды.

Ушул күнү Орусиянын Воронежге жакын жерде учкучсуз учактын чабуулунан ок-дары сакталган кампада өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланганын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев билдирди. Жабыркагандар жок.

Ал арада Иран согушта колдонуу үчүн Орусияга кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын жөнөткөнүн CNN "эки чалгындоо булагына" таянып билдирди.

Буга чейин АКШдагы жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү расмий булактар Ирандын Орусияга ракета жөнөтүү ниети тууралуу эскерткен.

"Москва менен ракеталык келишимди ишке ашырууга даярдык бир жылга жакын созулду", - деп маалымдады CNN басылмасы.

Москва менен Тегеран буга комментарий бере элек.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабда басып кирген.

БУУнун маалыматы боюнча, эки жылдан бери уланып жаткан согушта Украинада он миңден ашуун адам набыт болуп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.

XS
SM
MD
LG