Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Тойгонбай Абдыкаров

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы 6-сентябрда маалымдады.

Тойгонбай Абдыкаров бул кызматка 2021-жылы 3-июнда дайындалган.

Азырынча анын ордуна ким бара турганы белгисиз.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.(ZKo)

Дагы караңыз

Соцдемократтар партиясынын лидери Султанбеков Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу өтүнүчүн сынга алдыКурск операциясына бир ай: Орусия алты миң аскерин жоготтубу?Кыргызстанда эндоскопиялык жол менен операциялар жасала баштадыКыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды Журналисттер Украинада 26 кыргызстандык набыт болгонун такташты"Концертине президент келчү". Көп кырдуу таланттын ишке ашпай калган көксөөсү