Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды


Ооганстан. “Талибан” кыймылы.
Ооганстан. “Талибан” кыймылы.

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Мунун алдында Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстандын чечимине ыраазычылык айткан билдирүү 5-сентябрда жарыяланган. Анда Ооганстан Кыргызстандын “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган чечимин жогору баалай турганы, бул өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзөрү белгиленген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2-сентябрда террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 20 диний бирикменин тизмесин жарыялаган. Анда “Талибан” кыймылы жок экенин көрүүгө болот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Аль-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эль), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жундь-Аль халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирваль-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Аль-Имам Аль-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Борбор Азиядан буга чейин Казакстан “Талибанды” өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG