Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Кыргызстанда эндоскопиялык жол менен операциялар жасала баштады


Улуттук онкология борборунда дарттарды эндоскопиялык жол менен аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаров.
Улуттук онкология борборунда дарттарды эндоскопиялык жол менен аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаров.

6-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу бейтаптарга эндоскопиялык жол менен операция жасала баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунан билдиришти.

Эндоскопиялык операция – бул ийкемдүү оптикалык аспаптын жардамы менен адамдын ички органына операция жасоо ыкмасы. Эндоскопия учурунда инструмент табигый жолдор менен кишинин ичине киргизилет. Мисалы, ашказанга — ооз жана кызыл өңгөч аркылуу, бронхиге - кекиртек аркылуу, табарсыкка - заара түтүгү аркылуу жана башка ушул сыяктуу. Улуттук онкология борборунун маалыматы боюнча мамлекеттин колдоосу менен мындай операция 6-7-сентябрь күндөрү сегиз бейтапка акысыз жасалат.

Улуттук онкология борборундагы дарттарды эндоскопиялык жол менен аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул операцияларды Казакстандан келген дарыгерлер жасап, жергиликтүү медиктер алардын тажрыйбасын үйрөнөт.

“Сегиз бейтаптын үчөө 20 жаштан 30 жашка чейинки жарандар. Дагы бири 70ке барып калган адам. Булардын айрымдарынын кызыл өңгөчүндө чөнтөкчөлөр пайда болуп калса, айрымдарынын уйку безинде залалдуу шишик бар. Кээ биринин ичегилеринде маселе бар. 6-сентябрда алты бейтапка, эртең дагы эки бейтапка операция жасалат деп турабыз”, – деди Сафаров.

Мындан үч ай мурда, 10-11-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор оорусунан жабыркап келген эки бейтаптын боору алмаштырылган. Боор трансплантациялоону Түркияда атайын окуудан өтүп келген жергиликтүү дарыгерлер жасап, аларга түркиялык адистер көмөктөшкөн. Операцияга чейин Түркиядан анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдардан турган дарыгерлер тобу келген.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Эске салсак, өлкөдө быйыл февраль айында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаганы кабарланган. Акыркы маалыматта андан бери он чакты бейтапка операция жасалганын, кезекте дагы 110 бейтап турганы кабарланган. (MZh)

XS
SM
MD
LG