Кыргызстан Социал-демократиялык партиянын (КСДП) лидери Темирлан Султанбеков бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын сураган өтүнүчү боюнча президент Садыр Жапаровдун 5-сентябрдагы билдирүүсүн сынга алды.
Султанбеков 6-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына президент Садыр Жапаровдун 2022-жылы Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата элге жасаган кайрылуусундагы сөздөрүнөн цитата келтирип, мамлекет башчынын Аскар Акаев тууралуу эки жыл мурун айтканына толук кошуларын жана колдорун жазган.
"Мен бул эки жыл ичинде эле Аксы окуясында өлтүрүлгөн адамдар тирилип же президент кайрылуусунда мамлекеттин бүтүндүгү деп белгилегендей эки жылда Кыргызстандын бүтүндүгү калыбына келип калган жок. Мен Садыр Жапаровдун Аскар Акаев тууралуу 2022-жылы айткандарына толук кошулам".
Темирлан Султанбеков ошол эле учурда Кыргызстанда башка өлкөнүн жарандыгы бар адам мамлекеттик кызматта гана эмес, мугалим да болуп иштей албасын белгилеген.
"Биздин мыйзамдар боюнча Кыргызстандын экс-президенти макамын Орусиянын, Беларустун же дагы башка бир өлкөнүн жарандарына берүү ойго келгис иш. Мен Кыргызстандын жаштары Аскар Акаевди Бишкекте лекция окушуна каршы чыгышканын, Берлинде эски жумуртка менен ургулашканын сыймыктануу менен эсиңерге салгым келет. Жарандарыбыз жалпысынан Акаев тууралуу жакшы сөз айтпайт. Демек, ага атын актоосуна эч кандай макам баары бир жардам бербейт", - деп жазды Султанбеков.
Президент Садыр Жапаров 5-сентябрда мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылышына байланыштуу пикирин билдирген. Бул маселе боюнча Акаев кеңешпегенин маалымдап, экс-президент макамын берүү же алуу Жогорку Кеңештин ыйгарымындагы иш экенин айткан.
Мамлекет башчы Бакиев жана Атамбаевдин иштерин жана жагдайларын Акаевдикине салыштырып, алардыкы окшош эместигин белгилеген. Ал Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусунда адамдардын өлүмү менен коштолгон окуялар болгондуктан, аларга экс-президент макамын берүү туура эмес болуп калышы мүмкүндүгүн айткан.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекованын билдиришинче, Акаев кайрылуусунда бийликти өз эрки менен өткөрүп бергенин, андыктан экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонун айткан.
Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылып, Москвага качып кеткен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Акаев менен курамына Жогорку Кеңештин беш депутаты кирген парламенттик комиссия сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондон кийин Акаев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Арызды кийин Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Ал эми Акаев экс-президент макамынан 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен ажыратылган.
Ага 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.
Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун айткан.
Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен “экс-президент” деген расмий макам Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылы 27-июндагы токтому менен ажыратылган.(ZKo)