"Манас" аэропортунда жардыргыч зат коюлганы жөнүндө маалымат жалган болуп чыкты

Бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. 16-май, 2024-жыл.

5-сентябрда саат 17:00 чамасында "Манас" эл аралык аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Аэропорттун айланасы курчалып, адамдар эвакуацияланган.

Милиция кызматкерлери жана атайын кызматтар аэропорттун имаратын толук иликтеп, эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес.

Аэропорттун маалымат кызматы ушул тапта учуу каттамдарына каттоо кадимкидей жүрүп жатканын журналисттерге билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунда жарылуучу зат бар экени жөнүндө жалган маалымат 22-августта да аэропорттун электрондук почтасына түшкөн.

Андан мурда май жана июнь айларында да ушундай эле кырдаал түзүлүп, жүргүнчүлөр эвакуация болгон. Ал маалыматтар ырасталган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстандагы маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (ZKo)

Дагы караңыз

Масалиевдин Орусияга жардам берүү сунушу сынга кабылдыАскар Акаевге экс-президент макамы кайтарылышы керекпи?Москва соту "Сахаровонун" үч кызматкерин эки айга камадыГросси: Запорожье АЭСиндеги мунараны бузуу зарыл болот Диний чөйрөгө тиешелүү долбоордун макулдашылган варианты иштелип чыгат