Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Диний чөйрөгө тиешелүү долбоордун макулдашылган варианты иштелип чыгат


 “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланган кеңешме.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланган кеңешме.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Мындай чечим 5-сентябрда президент Садыр Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, башкы прокурор, ички иштер министринин орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы катышкан кеңешмеде кабыл алынды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды берүүгө чакырганын билдирди.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын билдирген. Бул долдоор коомдо кызуу талкууланып жатат.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык. (BTo)

XS
SM
MD
LG