Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Гросси: Запорожье АЭСиндеги мунараны бузуу зарыл болот


Рафаэл Гросси Киевдеги пресс-конференцияда. Украина. 6-февраль, 2024-жыл. Архив
Рафаэл Гросси Киевдеги пресс-конференцияда. Украина. 6-февраль, 2024-жыл. Архив

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Запорожье АЭСиндеги сууну муздаткан мунараны (градирня) келечекте бузуу зарыл болорун айтты. 11-августта станция өрттөн зыянга учураган. Гросси 4-сентябрда Орусия оккупациялаган АЭСке барып көргөн.

“Бүгүнкүгө чейин зыяндын масштабын баалоо үчүн бул жерге чейин чыга алган эмеспиз. Бул чоң конструкция болочокто пайдаланууга жарабайт, ошондуктан аны бузуп салууга туура келчүдөй”, - деп жазды Гросси Х социалдык тармагына жарыялаган видеодо.

11-августтагы өрт тартылган видеону украин президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарга чыгарган. Тараптар өрт үчүн бири-бирин айыпташкан. Москва Украинанын армиясы дрондор менен чабуул койгондо өрт тутанганын айтып келди. Киев Орусия шалаакылык кылган же атайлап өрт койгон деп билдирген.

Гросси кийинчерээк өрт АЭСтин өзөктүк коопсуздугуна таасир этпегенин айткан. Ошол эле маалда кырсыктын тобокелдигин көбөйткөн чабуулдарды токтотууга чакырган.

Европадагы эң чоң атомдук станция 1981-жылы курулган. Анын кубаты 6000 МВтты түзөт.

Орусия Украинага каршы согуштун алгачкы күндөрүндө ишкананы ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен, АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт.

Ушу тапта станция электр энергиясын иштеп чыкпайт, аткылоолордон кийин реакторлорунун иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG