Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Мелис Турганбаев.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Маалымат федерациянын Фейсбуктагы баракчасына чыкты.

Ал 2021-жылдын 3-декабрында 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган. Мелис Турганбаев 2012-жылдан 2021-жылга чейин бул уюмда вице-президенттик кызматты аркалап келген.

Мелис Турганбаев 62 жашта. 2021-жылы Спорттук күрөш боюнча Азиялык Кеңештин (“UWW-Asia”) аткаруу комитетинин мүчөсү, бул уюмдун борбор Азия боюнча куратору болуп дайындалган.

Мурдагы ички иштер министри, жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону (2019-ж). Дүйнө чемпионатында эки коло байге алган (2016-ж., 2018-ж.). Бир нече жолу Жоргорку Кеңешке шайлоодо талапкерлигин койгон. (BTo/ECh)

Дагы караңыз

Шаршенбек Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдүОрзубек Назаров УКМКда сурак бердиЛа-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенген 12 мигрант чөгүп кетти Казакстан: Аткаминерлер журналисттерди соцмедиадагы посттору үчүн иштен алуу укугуна ээ болотКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Пара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулдуБританиялык рок-тобу "Яндекс" демөөрчү болгон Алматыдагы фестивалга катышпайт“Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды