Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Казакстан: Аткаминерлер журналисттерди соцмедиадагы посттору үчүн иштен алуу укугуна ээ болот


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандык аткаминерлер журналисттерди социалдык түйүндөрдөгү посттору үчүн иштен алуу укугуна ээ болот. Бул - аккредитация тууралуу жаңы эрежелер ишке киргенден кийин мүмкүн болмокчу. Медиа коомчулуктун нааразылыгына карабай, Маалымат министрлиги сөз болгон нормаларды бекитти.

Мисалы, кайсы бир басылмада расмий иштеген кабарчы өз Телеграм-каналында маалымат же блог жарыяласа, анда аккредитация эрежесин бузду деп бааланышы мүмкүн. Натыйжада мамлекеттик органдардын иш-чараларына катышуу укугунан ажыратылышы ыктымал.

Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын айтымында, мындай эреже киргизүү мыйзамга төп келет, журналисттер кээде өздөрүн "орунсуз" алып жүрүшөт.

Айрым журналисттер кээ бир мамлекеттик мекемелер барган сайын пресса менен ачык иштөөдөн баш тартканын, министрлер, башка жетекчилер менен баарлашуу кыйын болуп калганын белгилешет.

Жергиликтүү медиакоомчулук маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамда журналисттерди чектеген пункттар көп экенин белгилешет.

19-июнда президент Касым-Жомарт Токаев «Жалпыга маалымдоо каражаттары» тууралуу мыйзамга жана түзөтүүлөр пакетине кол койгон. Айрым жоболор медианын укуктарын коргоочулардын тынчсыздануусун жаратты.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму прессанын эркиндиги индексинде өткөн жылы кошуна өлкөнү 180 мамлекеттин арасынан 142-орунга жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG