Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Ла-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенген 12 мигрант чөгүп кетти


Кырсыкка учураган кемедеги мигранттарды куткаруу аракети. Франция. 2024-жыл, 3-сентябрь
Кырсыкка учураган кемедеги мигранттарды куткаруу аракети. Франция. 2024-жыл, 3-сентябрь

Шаршембиде мигранттардын дагы бир тобу Ла-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенди. "Рейтер" маалымдагандай, француз полициясы алардын Британияга бет алуусуна бөгөт коюуга аракеттенди. Бирок бир нечеси кемеге түшүп жолго чыгууга үлгүрдү, калгандары артка кайтты.

Алдыңкы күнү Ле Портель деген районго жакын жерде мигранттарды мыйзамсыз ташып бараткан чакан кеме аңтарылып кеткенде 12 киши каза тапкан.

"51 кишини куткардык. Тилекке каршы, эки баланын абалы оор. 12 кишинин өлгөнү расмий бышыкталды, менин билишимче, арасында 10 аял, жашы жете электер да бар. Албетте, адамдардын биздин аймакта набыт болушу чоң трагедия. Алар Британияга жакшыраак жашоо издеп бараткан”, - деп билдирген Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен.

Министр окуя болгон жерге барып кетти. Анын айтымында, кемеде африкалыктар бараткан, көбү Эритреянын жарандары болгон. Дарманен 7 метрлик узун кемеге көп киши түшсө, ал "тез эле чөгүп кетиши мүмкүн" деп кошумчалады.

Британия жана Франциянын өкмөттөрү мыйзамсыз миграцияны тыюуга аракет көрүп келет. Лондон өкмөтүнүн маалыматына ылайык, өткөн бир жумада 2 миңден көп киши өлкөгө чакан кемелер менен келген.

Би-Би-Синин жазганына караганда, быйылкы жылдын сегиз айында (кечээки трагедияны эске албаганда) Ла-Манштан өтүү маалында 25 киши каза тапты.

Бир нече күн мурда француз президенти Эммануэл Макрон жана британ премьери Кир Стармер мигранттардын аткезчилик жолдоруна бөгөт коюу үчүн кызматташууну талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG