Орзубек Назаров УКМКда сурак берди

Орзубек Назаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бокс ардагери Орзубек Назаров Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо” беренеси менен буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-сентябрда атайын кызматта сурак бергенин билдирди.

УКМК тараткан видеодо Орзубек Назаров өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиев менен Ташкентте 2023-жылы бокс боюнча Дүйнөлүк чемпионатта жолукканын айткан. Салим Абдувалиев аны жана спортчуларды түшкү тамактанууга чакырганын башка эч кандай байлынышы жок экенин билдирген. Орзубек Назаров бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүн колдой турганын да кошумчалаган.

Мунун алдында социалдык тармактарда Орзубек Назаровдун Салим Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү талкууга түшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен быйыл август айында өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Ташкенттин Мирабад райондук соту Салим Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кескен. Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган. (BTo)

Дагы караңыз

Ла-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенген 12 мигрант чөгүп кетти АКШ ХАМАС радикал тобунун лидерлерине терроризм үчүн айып тактыКазакстан: Аткаминерлер журналисттерди соцмедиадагы посттору үчүн иштен алуу укугуна ээ болотШаршенбек Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдүПара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулдуКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти