Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

АКШ ХАМАС радикал тобунун лидерлерине терроризм үчүн айып такты


ХАМАСтын лидери Яхья Синвар
ХАМАСтын лидери Яхья Синвар

Кошмо Штаттар АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун лидерлерине былтыр 7-октябрда Израилге кол салганы үчүн терроризм айыбын такты.

Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө уюмдун алты лидери АКШ жарандарын өлтүргөн, терроризмди каржылаган жана массалык кыргын салуучу куралды колдонгон деп күнөөлөнгөнү айтылат.

Документте ХАМАСтын анабашы Яхья Синвар, мурдагы саясий лидери, маркум Исмаил Ханья жана дагы төрт киши Израилге кол салганы үчүн гана эмес, уюм көптөгөн жылдан бери ишке ашырып келген чабуулдар үчүн да айыпталганы белгиленет.

Министрлик айып тагылгандардын айрымдары каза болгонун, калгандары издөөдө жүргөнүн кошумчалады.

АКШнын баш прокурору Меррик Гарланд шек санылып жаткандар "ондогон жылдар бою Кошмо Штаттарга коркунуч туудурган жана америкалык жарандарды өлтүрүү боюнча кампания жүргүзүп, аны каржылашкан" деп билдирди.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, ХАМАСтын жетекчилери айыпталып жаткан кылмыштар үчүн өмүр бою абакка кесүү же өлүм жазасына тартуу каралган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200дөй киши каза тапкан, 253 кишини барымтага алынган. Ошондон бери бир нече киши бошотулуп, бир канчасы набыт болду.

Израил чабуулга жооп кайтарып, анклавда согуш баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси 40 600дөн көп киши каза тапканын дүйшөмбүдө билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин буга чейин маалымдаган.

Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курчуп турат.

XS
SM
MD
LG