Шаршенбек Абдыкеримовго козголгон иш Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

Шаршенбек Абдыкеримов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго ачылган иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жана Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ага тандалган сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2023-жылдын сентябрь айында Шаршенбек Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо”, “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен айып койгон.

Биринчи май райондук соту Шаршенбек Абдыкеримовду былтыр 8-сентябрда сыртынан камакка алган. Ал азыр кайда экени белгисиз.

Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти. Ал саясатчы, мурдагы депутат Канатбек Исаев менен чогуу “Кыргызстан” партиясын түптөгөн.

2023-жылдын апрелинде ИИМ “Аю” ишканасынын заводун тинтип, “260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын” кабарлаган.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевге жана беш кызматкерине өкүм чыгарганы белгилүү болду. Алар мунапыс менен жазадан бошотулган.

“АЮ Холдинг” мындан 20 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жазында “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде, “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.

Шаршенбек Абдыкеримов ага козголгон иш жана “АЮ Холдингдин” айланасындагы иштер тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Пара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулдуКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Британиялык рок-тобу "Яндекс" демөөрчү болгон Алматыдагы фестивалга катышпайтУкраинанын тышкы иштер министри Кулеба кызматтан кетип жатат“АЮ” компаниясынын директоруна сот чечими чыкканы белгилүү болду“Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарландыЛьвовго урулган соккудан жети киши каза тапты, 40тан ашыгы жабыркады