Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Украинанын тышкы иштер министри Кулеба кызматтан кетип жатат


NATO Summit Blinken
NATO Summit Blinken

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Жогорку радага кызматтан кетүү үчүн арызын тапшырды. Бул тууралуу “РБК Украина” басылмасы украин парламентинин спикери Руслан Стефанчуктун Фейсбуктагы постуна шилтеме менен маалымдады. Министрдин арызы жакынкы жыйындарда каралмакчы.

Буга чейи Кулебанын ыктымал отставкасы тууралуу “Украинская правда” гезити президент Владимир Зеленскийдин айланасындагы өз булактарына таянып жазган.

Башкы дипломат өзү кызматтан кетип жатканын комментарийлеген жок. Ал министр болуп 2020-жылдын мартында дайындалган.

3-сентябрда Жогорку радага өнөр жайдын стратегиялык тармактарын жетектеген Александр Камышин, юстиция министри Денис Малюська жана айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Руслан Стрелец кызматтан кетүү үчүн арыздарын тапшырган.

Андан тышкары европалык жана евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер Ольга Стефаншина, убактылуу оккупацияланган аймактардын реинтеграциясы боюнча министр Ирина Верещук кызматтан кетип жатканы белгилүү болду.

"Суспильне" интернет басылмасы жетекчилердин отставкасы 4-сентябрда кабыл алынышы мүмкүн деп жазды.

“РБК Украина” “Эл кызматчысы” фракциясынын лидери Давид Арахамиянын комментарийне көңүл бурат. Депутат телеграм-каналына 4-сентябрь "иштен алуу”, ал эми 5-сентябрь “ишке дайындоо” күнү болорун жазды. Анын айтымында, министрлер кабинетинин жарымы өзгөрмөкчү.

27-август күнкү басма сөз жыйынында Зеленский премьер-министр Денис Шмыгаль менен өкмөттөгү ыктымал өзгөрүүлөрдү талкуулап жатканын билдирген. Жайында украиналык бир катар басылмалар президент премьерди да алмаштырууну көздөп жаткан болушу ыктымал деп жазышкан.

Шмыгаль өкмөттү жетектеп жатканына төрт жарым жылдан ашты.

XS
SM
MD
LG