Коммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жыл башынан берки жети айда тапкан кирешеси 18 млрд сомдон ашты.

Бул тууралуу Улуттук банк маалымдап, 31-июлга карата коммерциялык банктардын таза кирешеси 17, 972,8 млрд сом болгонун жазды. Июнь айынын аягындагы маалыматта комбанктардын алты айлык таза кирешесинин суммасы 14, 158,8 млрд сом болчу.

Кыргызстанда 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети ачылдыАлматыда төрт киши күйдүргү жуктурганы аныкталдыОрусияда тажик согушкеринин жубайы 11 жылга соттолдуОш: кордукка кабылган 15 жаштагы кыздын иши иликтенүүдө