Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Алматыда төрт киши күйдүргү жуктурганы аныкталды


Күйдүргү. Иллюстрациялык сүрөт.
Күйдүргү. Иллюстрациялык сүрөт.

Алматы облусунун Уйгур районунда күйдүргү оорусуна шектелген төрт учур катталганын аймактык инспекцияга таянуу менен "Информбюро" басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, мал ветеринардык кызматка алдын ала кабарланбай союлгандыктан, иликтөө иштери татаалдашкан. Оорунун себептерин билүү үчүн адистер мал союлган жерден анализге үлгү алышкан. Оору чыккан жеке чарбалардагы бодо мал карантинге алынган.

Жергиликтүү ветеринария кызматы 12-августта аталган аймакта малды күйдүргүгө каршы эмдөө жүргүзүлгөнүн маалымдады. Ага ылайык, аймакта дезинфекциялоо иштери аяктады.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы төрт облуста: Акмоло, Жамбыл, Түркстан жана Карагандыда күйдүргү катталган. Илдет жуктургандардын арасынан бир киши каза болгон.

Күйдүргү - кишиге малдан жугат. Илдеттен тери, ичеги-карын, өпкө жабыркайт. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.

XS
SM
MD
LG