ӨКМ Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылганын ырастады

Кырсыкка кабылган автоунаа.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташып бараткан автоунаа кабылган кырсык боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Мекеменин маалыматына караганда, 2-сентябрда Миң-Куш айылында Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан “HOWO” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсык болгон жерге Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тартылган.

“Ал эми автоунаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, (дозиметр менен) калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Ошондой эле аталган унаа бузулгандыгына байланыштуу калдыктарды башка атайын машинага жүктөшүп, алып кетишкен. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

3-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылганын айткан.

Миң-Куш айылында быйыл 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Орусиянын “Росатом” ишканасынын федералдык экология боюнча операторунун адис-эксперти Владимир Богатырев “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина сайга кулаганда ичинде уран калдыктары болгонун ырастап, кооптонууга негиз жок экенин айткан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин маалымдаган.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы жүзөгө ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Дагы караңыз

Украина: Полтавада орус армиясынын соккусунан 40тан көп кишинин өмүрү кыйылды Орусиянын Тергөө комитети "Сахароводо" тинтүү жүргүзүп жататПрезидент “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий бердиУКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарын кармадыДин иштери боюнча комиссия сунушталган долбоор тууралуу комментарий бердиAI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырдыДепутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыӨзбекстанда маданият министринин фестивалдар тууралуу сөзү сынга кабылдыИИМ экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштадыНетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурадыКыргызстанда чет элдиктерди каттоо тартиби өзгөрөт