Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Өзбекстанда маданият министринин фестивалдар тууралуу сөзү сынга кабылды


Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков .
Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков .

Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков мамлекеттик бюджеттен миллиарддаган каражат бөлүү менен ар кандай фестивалдардын өткөрүлүшүн актоо аракети үчүн сынга кабылды.

Учурда Өзбекстанда өтүп жаткан "Чыгыш күүлөрү" (Шарк тароналари) 13-эл аралык фестивалынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал искусство жана маданият иш-чараларын өткөрүү "жол асфальттоодон маанилүүрөөк экенин" айткан.

"Фестивалдарды көп өткөрүп жатасыңар, алар керекпи же жокпу? Мындан көрө бул акчаны жол асфальттоого коротсо болот беле деген сыяктуу көп суроо берип жатасыңар. Кечирип койгула, бул көйгөй менен күрөшүү - жол асфальттоодон маанилүү. Адамзат маданиятына коркунуч жаралып жатат. 3-5 миллиард сумду мындай фестивалдарга коротуу адамзат келечегин сактап калуу үчүн маанилүү деп ойлойм", - деди Назаров.

Өзбекстандын эл артисти, 50 жаштагы Озодбек Назарбеков Маданият министрлигинин жетекчилигине 2020-жылы дайындалган.

Бир ай мурда анын жергиликтүү кийим дүкөндөрдүн бирин жарнамалоого катышканы тууралуу видео жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан.

Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети бул үчүн Kingsman деп аталган кийим дүкөнүнө айып пул салган.

"Шарк тароналари" Өзбекстандын Самарканд шаарында эки жылда бир жолу өткөрүлөт. 1997-жылдан бери уюштурулуп жаткан иш-чарага 50дөй мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын өнөрпоздору катышат.

XS
SM
MD
LG