Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Дин иштери боюнча комиссия сунушталган долбоор тууралуу комментарий берди


Диний багыттагы ар түрдүү адабияттар.
Диний багыттагы ар түрдүү адабияттар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору тууралуу комментарий берди.

Мекеме тараткан маалыматта азыр иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганы, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганы жана өлкөдө диний саясатты жүргүзүүдө тоскоолдуктарды жаратканы айтылат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта адамдар чет өлкөдөн алып келген диний адабияттарды Кыргызстанга киргизүү, дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиптери аныкталбаганын билдирди. Ошондой эле диний объекттерди куруу, чет өлкөгө диний билим алуу үчүн чыгып жаткандарды көзөмөлдөө жөнгө салынбаганын кошумчалады.

Андан тышкары, диний китептер көчөлөрдө жана үйлөрдө, коомдук жайларда көзөмөлсүз таркатылып жатканы, ар кандай диний топтор үйлөрдү кыдырып, салттуу эмес диний баалуулуктарды, бөтөн элдин кыргыз маданиятына туура келбеген кийим-кечегин жайылтып атканы белгиленген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык. (BTo)

XS
SM
MD
LG