Президент “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий берди

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берди. Мамлекет башчынын бул маселе жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу чакан маеги 3-сентябрда “Кабар” улуттук агенттигине чыкты.

Садыр Жапаров “Клооп Медиа” жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айтып, “Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деген президент буларды кошумчалады.

“Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз”, - деди Садыр Жапаров.

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды. Бул тууралуу “Клооп Медианын” юристерине бир айдан кийин гана белгилүү болгонун маалымат каражаты 29-августта жазган.

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими “күтүлгөндөй болгонун” айткан.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” соттун чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop Media порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сындап, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарын кармадыДин иштери боюнча комиссия сунушталган долбоор тууралуу комментарий бердиAI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырдыДепутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыӨзбекстанда маданият министринин фестивалдар тууралуу сөзү сынга кабылдыИИМ экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштадыНетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурадыКыргызстанда чет элдиктерди каттоо тартиби өзгөрөт