УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарын кармады

УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын “Ачы” массивинен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп шек саналып жатат.

Тергөөдө Улан Батыров Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп турганда башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын “Ачы” массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жерди мыйзамсыз бергени аныкталганы айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Улан Батыров УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Анын жакындары менен адвокаттары коюлган кине тууралуу комментарий бере элек.

19-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектар жерге байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын ага тиешеси бар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыларын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-июлда Кара-Суу районунун ошол кездеги акими Темирболот Абыкеев көп суммада пара алууга шек саналып жатканын кабарлаган. Атайын кызмат Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө анын катышы бар экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүүдө ал пара алганы аныкталганын кошумчалаган. Бул окуялардын кийин ал кызматтан кеткен.

Ош шаардык соту 23-июлда анын бөгөт чарасын карап, тилкат менен бошоткон. Мурдагы аким да коюлган айып боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Дин иштери боюнча комиссия сунушталган долбоор тууралуу комментарий бердиAI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырдыДепутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыӨзбекстанда маданият министринин фестивалдар тууралуу сөзү сынга кабылдыИИМ экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштадыНетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурады