Министрлик: Мектепте хижабды мажбурлап чечүү жок

Мектепте жоолукту чечтирүүгө каршы акция. Бишкек. 2011-жыл. (архив)

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарга тарап жаткан "айрым мектептерде кыздарды жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткандыгы" тууралуу маалыматтарды четке какты.

Министрликтин Фейсбуктагы баракчасында Конституцияга ылайык, Кыргызстан – укуктук, светтик жана социалдык мамлекет экендиги, анда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги эскертилген. Ошондой эле мектеп окуучулары өздөрү окуган билим берүү мекемесинин - мектептин ички тартип эрежесин сактоого милдеттүү экени белгиленген.

"2015-жылдын 12-августундагы №572 “Жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтому менен жалпы билим берүүчү мектептердин 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптары бекитилген. Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектигин бекитилген. Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик учурда социалдык тармактарга тараган маалыматтарды териштирүү боюнча укук коргоо органдары менен чогуу иштеп жатканын кошумчалап, жалган маалымат тараткан жарандар мыйзам жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

2-сентябрь Билим күнү айрым мектептерде окуучу кыздардын жоолугун мажбурлап чечтирүү учурлары катталганы тууралуу маалыматтар бир катар соцтармактарда тараган. Коомчулукта кызуу талкуу жаралды.

Кыргызстанда окуучу кыздардын жоолук салынышы боюнча талаш-тартыш буга чейин да чыгып келген. Бир нече жолу буга байланыштуу акциялар өткөн.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке кыздарды жоолук менен киргизбеген директорлорго чара көргөн учурлар катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Дин иштери боюнча комиссия сунушталган долбоор тууралуу комментарий берди"Акын Курбанаалынын экинчи өмүрүн улоодон чочугандар болгон" AI Бакуну саясат талдоочу Самедовду бошотууга чакырдыДепутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айттыӨзбекстанда маданият министринин фестивалдар тууралуу сөзү сынга кабылдыИИМ экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштадыНетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурады