Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын 3-сентябрга караган түндөгү чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды. Бул тууралуу Запорожье облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров билдирди.
“Тилекке каршы, эки адам, анын ичинде сегиз жаштагы бала каза тапты. Дагы эки адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз жарадар болду. Ал азыр реанимацияда. Душмандын чабуулунун натыйжасында имарат жарым-жартылай талкаланган”, - деп жазды Телеграмм-каналына.
Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына ар кандай курал-жарактар анын ичинде учкучсуз учактар, ракеталар менен байма-бай чабуул жасап жатат.
Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат. (BTo)
Дагы караңыз
Бекешев Интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салуу чиновниктерге курал болорун айттыАзия чемпионаты: Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасы 10 медал алдыӨкмөт үйүнүн мурдагы имараты эки министрликке берилдиБразилияда X түйүнүн бөгөттөө чечими колдоо таптыОрусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды