Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Азия чемпионаты: Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасы 10 медал алды


Кыргызстандык дзюдочулар.
Кыргызстандык дзюдочулар.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Азия чемпионатында 10 медал – эки алтын, сегиз коло алганын билдирди.

Департаменттин маалыматына ылайык, жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын алды.

Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медал тагынышты. Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дуйшенбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) да үчүнчү орунду ээлешти.

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Азия чемпинаты Түштүк Кореянын Мунгён шаарында өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG