Өкмөт үйүнүн мурдагы имараты эки министрликке берилди

Өкмөт үйү.

Президенттин администрациясынын Токтоболот Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт үйүнүн эски имараты Бишкек шаарынын мэриясына өтө турганы айтылып жаткан.

Ал эми президенттин администрациясы “Ынтымак Ордого” көчтү. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев буга чейин жаңы салынган Ак үйдүн маңдайына 19 имараттан турган өкмөттүк шаарча курула турганын айткан.

Бишкекте 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөн. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу боло турганын билдирген.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак Ордосу” деп аталган президенттин администрациясынын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады.

Башында администрациялык имаратты курган ишканага Бишкектен 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Кийин бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компаниянын жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Каныбек Туманбаев 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (BTo)

Дагы караңыз

Бразилияда X түйүнүн бөгөттөө чечими колдоо таптыОрусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды2-сентябрь: Жол кырсыгынан 10 киши набыт болду, Казакстанда АЭС боюнча референдум өтөтКабулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза болдуБеларуста стартап топтун негиздөөчүлөрүнүн соту башталдыОрусияда Украинанын соккусунан кийинки өрт эки аптадан кийин өчтү