Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Кабулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза болду


Окуя болгон жер. Кабул. 2024-жылдын 2-сентябры.
Окуя болгон жер. Кабул. 2024-жылдын 2-сентябры.

Ооганстандын борбору Kабулда бүгүн 2-сентябрда жарылуу болуп, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу “Талибандын” жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянып “Азаттыктын” ооган кызматы билдирди. Дагы 13 киши жараат алганы кабарланды.

Жарылуу Башкы прокуратуранын имаратынын жанында болду. Полиция жанкечти өзүн өзү жардырганын айтууда.

Кабарчылар каза болгондордун сөөгү жана жараат алгандар “Тез жардам” машиналары менен Шахри-Нау районундагы ооруканага жеткирилгенин жеринен маалымдашты.

Азырынча бул чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. Бирок, «Азади» радиосу белгилегендей, Ооганстанда бийликке талибдер кайтып келген 2021-жылдан бери өзүн «Ислам мамлекети Хорасан» деп атап алган суннилер тобу көптөгөн чабуулдарды жасады. Негизинен ал «Талибандын» жогорку кызматтагы адамдарын, чет элдиктерди жана хазарлардын шии коомчулугунун өкүлдөрүн бутага алууда.

Ооганстанды 1996-2001-жыдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Кыргызстан “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбайт, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG