Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Беларуста стартап топтун негиздөөчүлөрүнүн соту башталды


Беларуста ишкерлерге жардам берүү максатында түзүлүп, кийин экстремизм үчүн айыпталган Imaguru долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн соту башталды. Бүгүн 2-сентябрда борбор калаа Минск шаарындагы сотто аталган стартаптын уюштуруучуларына тагылган бир топ олуттуу айып боюнча сыртынан алгачкы отурум өттү.

2013-жылы Беларуста ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана коворкинг-мейкиндик түзүү үчүн негизделген Imaguru уюмунун бышкы директору Татьяна Маринич жана мүчөсү Анастасия Хамянкова жек көрүүчүлүктү жайылткан, салык жашырган, Беларуска каршы эл аралык санкция салууга чакырган, бийликти басып алууга үндөгөн, экстремисттик ишмердүүлүккө аралашкан деген сыяктуу айыптар тагылууда.

Долбоордун мурдагы директору, 2023-жылдын июль айынан бери Беларуста түрмөдө отурган Евгений Пугач салык жашырган жана экстремизмге катышкан деп айыпталган.

Кылмыш иши 2020-жылдагы окуялардан кийин, стартап-топ бийликти сындап чыккандан кийин ачылган. Бир жыл мурда Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитети Imaguru уюмун «экстремисттик топ» деп жарыялаган. 2021-жылдын май айында Imaguru кеңсесин Мадридге көчүрүп кеткен.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат.(RK)

XS
SM
MD
LG