Аба ырайы: 3-сентябрда күн ачык болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 25…27° болот.

Дагы караңыз

Кыргызстандын алыскы аймактардагы мектептерине 50 автобус берилетКазакстанда АЭС боюнча референдум 6-октябрда өтөтКиевде аба соккуларынан эки адам жараат алдыМашиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыКыргызстанда динге байланыштуу мыйзамды толук өзгөртүү сунушталдыЖогорку Кеңеште беш жаңы депутат ант бердиТокмокко жакын жерде болгон автокырсыктан жети киши мүрт кетти