Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Кыргызстандын алыскы аймактардагы мектептерине 50 автобус берилет


Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерине бериле турган автобустар.
Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерине бериле турган автобустар.

“Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга мектеп окуучулары үчүн 50 автобус берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Алар өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерине жөнөтүлөт.

Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат.

Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш - кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. 1 668 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 274 мектепте орус тилинде, 18де өзбек тилинде болот. Үч билим берүү жайында окуучулар тажик тилинде окуса, беш мектепте англис тилинде сабак өтүлөт.

Мындан тышкары окутуу 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG